Фидан швециялык министрлер менен маалымат жыйынын өткөрдү
Фидан, Швециянын террор уюмдары ПКК, ПКК/ЙПГ жана ФЕТӨгө каршы таштаган кадамдарын, кошумча чара көрүүлөрүн талкуулагандарын айтты.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, террордук уюм ПКК, ПКК/ЙПГ жана ФЕТӨгө каршы Швециянын таштаган кадамдарынын уланышын жана талаада чагылуусун күткөндөрүн айтты.
Фидан борбор калаа Анкарада Тышкы иштер министрлигиндеги Түркия-Швеция коопсуздук механизми жыйынынан кийин Швециянын тышкы иштер министри Мария Малмер Стенергард жана Швециянын адилет министри Гуннар Стреммер менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Жыйында терроризмге каршы күрөш баш болгон эки тараптуу жана эл аралык коопсуздук темасында пикир алмашкандарын билдирген Фидан, Швециянын террор уюмдары ПКК, ПКК/ЙПГ жана ФЕТӨгө каршы таштаган кадамдарын, кошумча чара көрүүлөрүн талкуулагандарын айтты.
Фидан: «Швеция делегациясы террордун бардык түрү менен күрөшүү көз карашын камтыган жол картасын сунуштады, биз да баа берүүлөрүбүздү айттык. Жолугушууларыбыз уланат. Бул кадамдардын уланышын жана талаада чагылышын күтөбүз. Түркия катары Швецияны терроризмге каршы күрөшүндө колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Швециянын мындай позитивдүү мамилеси НАТОнун терроризмге каршы күрөштөгү мүмкүнчүлүгүн жана күчүн жогорулатат»,- деди.
Коопсуздук механизминин алкагында маал-маалы менен жолугушууларды уланта тургандарын белгилеген Фидан, кийинки жыйынга Швециянын кожоюндук кылаарын билдирди.