Болуда өрт чыккан мейманканада каза болгондор үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан көңүл айтылууда
Германиянын канцлери Олаф Шольц жана тышкы иштер министри Анналена Баербок социалдык тармактагы билдирүүлөрүндө терең кайгыруу менен жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалашты.

Болу Карталкаядагы мейманканада чыккан өрттөн каза болгондор үчүн дүйнөнүн төрт тарабынан көңүл айтуулар келүүдө.
Германиянын канцлери Олаф Шольц жана тышкы иштер министри Анналена Баербок социалдык тармактагы билдирүүлөрүндө терең кайгыруу менен жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалашты.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро X эсебинен жасаган билдирүүсүндө : «Франция түрк элинин аза күтүүсүн тең бөлүшөт»,- деди.
Сириядагы жаңы администрациясынын тышкы иштер министрлигинин X эсебинен берилген көңүл айтуу билдирүүсүндө: «Боордош түрк эли ар дайым биздин жаныбызда болду жана эң кыйын учурларыбызда бизди колдоду. Бүгүн да, эртең да сириялыктар түрк боордошторунун жанында болуп, бул кыйын мезгилден тезирээк чыгууларын каалайбыз",- деп айтылды.
Чехиянын премьер-министри Петр Фиала, Словакиянын тышкы иштер министри Юрай Бланар жана Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Гил да социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө "терең кайгырууларын" билдиришти.
Колумбиянын тышкы иштер министрлигинин интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө: «Түркия Республикасынын өкмөтү жана эли менен тилектештиктебиз",- деп айтылды.
Бахрейн, Египет, Алжир жана Ирак Болу Карталкая лыжа борборундагы мейманканада чыккан өрттөн каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүлөрүн бөлүштү.