Фидан Лахбиб жолугушуусу

Фидан Европа Бирмдиги Комиссиясынын Теңдик, даярдык жана кризисти башкаруу боюнча комиссары Хаджа Лахбиб менен жолугушкандан кийин сөз сүйлөдү.

2232846
Фидан Лахбиб жолугушуусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : «Максатыбыз жаңы мезгилде Сириянын санкциялардан кутулуп, нормалдуу экономикага кайтышы, жер которгон миллиондогон качкындын коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтып келиши»,- деди.

Фидан Европа Биримдиги Комиссиясынын Теңдик, даярдык жана кризисти башкаруу боюнча комиссары Хаджа Лахбиб менен жолугушкандан кийин сөз сүйлөдү.

Фидан : «Лахбиб кечээ Түркияга сапар менен келди. Европа Биримдигинин өзгөчө Сириядагы гуманитардык жана өнүгүү тууралуу маселелерди башкарууда кандай жардам бере алышат ошого жараша байкоолорун билдирди»,- деди.

Хакан Фидан Түркиянын бул темадагы көз карашынын билдирилгенине көңүлдөрдү буруп:« «Максатыбыз жаңы мезгилде Сириянын санкциялардан кутулуп, нормалдуу экономикага кайтышы, жер которгон миллиондогон качкындын коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтып келиши. Бул тууралуу да аны менен  иштешүүнү улантабыз»,- деп баа берди.

Түркиянын жарандык согуш башталгандан бери сириялык качкындарга берген жардамдарына токтолгон Лахбиб да  : «Түркиянын көптөгөн жылдардан бери  качкындарга байланыштуу таштаган кадамдары жана көрсөткөн колдоосу абдан чоң мааниге ээ болду. Европа Биримдиги да ушунун негизинде чоң колдоо көрсөттү жана азыр да колдоосун улантууда»,- деди.

«Түркия азыр да талапкер өлкө жана Европа Биримдигинин ачкыч бир өнөктөшү»,- деген Лахбиб Европа Биримдигинин жарандарды коргоо механизминин айланасындагы күчтүү кызматташууну белгилеп : «Түркия бул механизмдин ичинде абдан баалуу жана активдүү өнөктөш»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар