Эрдоган: "Карталкаядагы өрткө күнөөлүүлөр жоопко тартылат"

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган АК партиянын Анкара өткөрүлгөн 8-Кезектеги облустук курултайына катышты.

2232987
Эрдоган: "Карталкаядагы өрткө күнөөлүүлөр жоопко тартылат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Карталкаядагы мейманкана өртүнүн бардык аспектилерин ачыкка чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн керектүү ар түрдүү кадамдар ташталат, ташталууда»,-деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган АК партиянын Анкарада өткөрүлгөн 8-Кезектеги облустук курултайына катышты.

Президент Эрдоган сөзүн Болу Карталкаядагы мейманканада чыккан өрттөн каза болгондорго көңүл айтуу менен баштады жана жабыркаган жарандардын тез сакайып кетишин каалады.

Эрдоган: «Тилекке каршы, бүгүн эртең менен Болу Карталкаядан абдан кайгылуу кабар алдык. Мейманканада чыккан өрттөн бир туугандарыбыз каза болуп, жаракат алышты. Биринчиден, каза болгон жарандарыбызга Аллахтан ырайым тилеп, алардын үй-бүлөлөрүнө жана сүйүктүү элибизге көңүл айтам. Дарылануусу уланып жаткан жаралууларыбызга шыпаа тилейм»,-деди.

Өрт кырсыгынан дароо кийин Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Эмгек жана социалдык коопсуздук, Маданият жана туризм министрлеринин керектүү иштерди аткаруу жана координациялоо үчүн Болуга тез арада жиберилгенин айткан президент Эрдоган, Болу губернаторлугунан жана AFAD төрагалыгынан өрттүн өчүрүлүшү жана чыга албай калгандардын эвакуацияланышына байланыштуу үзгүлтүксүз маалымат алганын билдирди.

Өрттү муздатуу аракеттери, өрттүн себебине карата административдик жана соттук иликтөөлөр башталганын жарыялап, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылаарын баса белгилеген президент Эрдоган: «Бул контекстте алты мамлекеттик прокурорубуз жана эксперттик комиссия дайындалды. Окуянын бардык аспектилерин ачыкка чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн зарыл чаралар көрүлөт, көрүлүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар