Аслы Гүвен кечиксе да Газада түзүлгөн ок атышпоонун үмүт жарыгы болгондугун айтты
Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Аслы Гүвен кечиксе да Газада түзүлгөн ок атышпоонун үмүт жарыгы болгондугун айтты.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Аслы Гүвен кечиксе да Газада түзүлгөн ок атышпоонун үмүт жарыгы болгондугун айтты.
Гүвен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөн жогорку деңгээлдеги катышуу болгон Израиль - Палестина маселесине байланыштуу отурумда сөз сүйлөдү.
Аслы Гүвен : "Газадагы ок атышпоо бир үмүт жарыгы болду. Ок атышпоо келишиминин толук аткарылышы, туруктуу болушу жана Газага чукул гуманитардык жардамдын жеткирилиши чоң мааниге ээ",- деди.
Израилдин убадаларына баш ийүүсүнүн жана туруктуу ок атышпоонун маанисин баса белгилеген Гүвен Израилдин Газадан чыгышы, гуманитардык жардамдардын тез жана үзгүлтүксүз жеткирилиши керектигин баса белгиледи.
БУУнун Башкы ассамлеясынын 2024 - жылы сентябрь айындагы жарлыгына ылайык мыйзамсыз оккупациянын акырына чыгарылышы жана Палестинанын толугу менен БУУга мүчө катары таанылышы үчүн аракеттерин күчөтүшү керектигин айткан Аслы Гүвен : «Акыркы 15 айда иштелген кылмыштар жазасыз калбашы керек. Массалык жазаландыруу, жарандардын каза болушу жана гуманитардык жардам кызматкерлерине карата кол салуулар жазасыз калбашы керек»,- деди.