Түркия Нигерияга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги, Нигер облусуна караштуу Гурара аймагында кечээ күйүүчү май ташыган танкердин жарылуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Түркия Нигерияда күйүүчү май ташыган танкердин жарылуусунан каза болгондордун жакындарына жана Нигерия элине көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги, Нигериянын түндүгүндөгү Нигер облусуна караштуу Гурара аймагында кечээ күйүүчү май ташыган танкердин жарылуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө Гурара аймагында күйүүчү май ташыган танкердин жарылуусунан улам каза болгондордун терең кайгыга салганы белгиленди.
Каза болгондордун жакындарына жана Нигерия элине көңүл айтылган билдирүүдө, жаралуулардын тез сакайып кетиши кааланды.
Нигер облусундагы Дикко-Маже автожолунда кечээ күйүүчү май ташыган унаа катуу ылдамдыктан улам рулду башкара албай оодарылып кеткен.
Тегеректеги адамдар оодарылып кеткен унаадан күйүүчү майды куюп алууга аракет кылып жатканда танкер жарылып кеткен.
Нигериянын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүндө, жарылуудан 86 кишинин каза болгону, 55 кишинин жаракат алганы кабарланган.
Тектеш кабарлар

Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Бул маселе боюнча Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.