Интерпол издеген Линдстрем Бодрумда кармалды

Техникалык жана физикалык байкоодон кийин жандармерия топтору швециялык жаран жашынган Тилкижик булуңундагы үйгө операция жүргүздү.

2232502
Интерпол издеген Линдстрем Бодрумда кармалды

Швецияда 10 киши каза болгон бомбалуу жана куралдуу кол салуулардын жооптуусу катары Интерполдун кызыл эскертүүсү менен издөөгө алынган Майкл Линдстрем Мугланын Бодрум районунда кармалды.

Шектүү Швецияда 10 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуулардын, Испанияда болсо атышуунун кылмышкери катары издөөдө жүргөн.

Интерполдун кызыл эскертүүсү менен бүткүл дүйнө жүзү боюнча издөөдө жүргөн Швеция жараны Линдстремдун Мароккодон Стамбулга, андан Мугланын Бодрум районуна барганы аныкталды.

Милас Бодрум аэропортунан чыгып кеткен шектүү байкоого алынды.

Техникалык жана физикалык байкоодон кийин жандармерия топтору швециялык жаран жашынган Тилкижик булуңундагы үйгө операция жүргүздү.

Операциянын жүрүшүндө кызыл категорияда изделген шектүү кармалды.

Швециялык шектүү сот тарабынан камакка алынды.



Тектеш кабарлар