Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.
2232158

Түрк куралдуу күчтөрү тынымсыз жана комплекстүү операциялары менен террорду булагында жок кылууда.
Эң соңку операцияда Ирактын жана Сириянын түндүгүндө дагы 4 террорист жок кылынды.
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясында 3 ПКК террористи аныкталды.
Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагында да 1 ПКК/ЙПГ террористи аныкталды.
Операцияда 4 террорист таасирсиз кылынды.
Министрликтин билдирүүсүндө : «Түрк куралдуу күчтөрүбүз террористтерге эч кандай тыныгуу бербейт».
«Сүйүктүү мекенибизди террор балээсинен сактап калуу үчүн чоң чечкиндүүлүк жана берилгендик менен күрөшүбүздү улантып жатабыз жана улантабыз», - деп айтылат билдирүүдө.