Кылыч исламофобиянын күчөп жатканына көңүл бурду

Кылыч Германиянын Дюссельдорф шаарындагы Түркиянын башкы консулдугунда түрк жарандык коом уюмдарынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

2232096
Кылыч исламофобиянын күчөп жатканына көңүл бурду

Президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч, Европа менен катар дүйнөнүн ар кайсы аймактарында исламофобиялык мамиленин күчөгөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Кылыч Германиянын Дюссельдорф шаарындагы Түркиянын башкы консулдугунда түрк жарандык коом уюмдарынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Башкы кеңешчи Кылыч бул жерде сүйлөгөн сөзүндө адамдардын кайсы жерде жашабасын, өздөрүнүн диний ишенимдерин каалагандай жашап, коргоосунун маанилүүлүгүнө көңүлдөрдү бурду.

Европада жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында исламофобиялык мамилелердин күчөгөнүн белгилеген Кылыч : «Буга каршы күрөшүбүздү чечкиндүү түрдө ортого салышыбыз керек, себеби адамдарды ишенимине карап басмырлоо биздин адамдык жана исламий баалуулуктарыбызга да каршы келет. Ар бир адам өзүнүн негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин чегинде өз ишенимин ишке ашырууга укуктуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар