Колумбия Түркияга ыраазычылык билдирди
Мурильо Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан Колумбиянын Ла Гуажира административдик аймагындагы Риохача шаарында уюштурулган гуманитардык жардам аземине катышты.

Колумбиянын тышкы иштер министри Луис Гилберто Мурильо өлкөсүнүн Түркия менен стратегиялык өнөктөштүккө таянган альянсы бар экенин айтты.
Мурильо Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан Колумбиянын Ла Гуажира административдик аймагындагы Риохача шаарында уюштурулган гуманитардык жардам аземине катышты.
Мурильо аймактагы сел апаатынан кийин дароо Түркияга кайрылгандарын белгиледи.
Жардам суроосуна Түркиянын оң жооп бергенин белгилеген Мурильо: «ТИКА жана түрк өкмөтү бул критикалык жана кыйын мезгилде колумбиялыктардын жанында болуп, дароо жана оң колдоо көрсөтүштү. Ла Гуажира жана Чокодогу жамгыр жана суу ташкындары сыяктуу климаттын бузулушунан эң көп жабыр тарткан аймактарга абдан конкреттүү жардам көрсөтүлдү»,-деди.
Министр Мурильо Түркиянын муктаж болгондорго жардам жеткиргенин белгиледи.
Түркиянын эл аралык карым-катнаштардагы активдүү жана көз карандысыз позициясына көңүлдөрдү бурган Мурильо: ««Колумбия Түркияга абдан кызыкдар, себеби Түркия кыска убакыттын ичинде блокторго кошулбаган өлкө катары эгемендигин коргогон, бирок ошондой эле абдан активдүү болгон моделди өнүктүрө алды. Ошондуктан биз стратегиялык союзубузду чыңдоо жана тереңдетүү жолу менен алга жылгыбыз келет»,-деп айтты.
Биринчи этапта 500 куту гуманитардык жардам таратылды.