«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады

Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.

2232170
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
mavi vatan 2025 tatbikati.jpg
mavi vatan 2025 tatbikati.jpg
mavi vatan 2025 tatbikati.jpg
mavi vatan 2025 tatbikati.jpg

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Эгей деңизи жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өткөргөн «Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады.

Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Деңиз күчтөрү командирлигибиз тарабынан Кара деңиз, Эгей деңизи жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеринде 2025-жылдын 7-16-январь күндөрүнүн аралыгында бир убакта жүргүзүлгөн «Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу ийгиликтүү аяктады. Машыгууга Деңиз күчтөрүбүздөн, Кургак жана Аба күчтөрүбүздөн жана Жээк коопсуздук командирлигинен жалпы 90 кеме, 50 учак жана 20 миң кызматкер катышты»,-деди.

Бөлүшүүдө машыгуунун сүрөттөрү да камтылган.



Тектеш кабарлар