Түркиядан Дамаскка карата биринчи каттам 23 - январда башталат
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу түрк аба жолдорунун (THY) Антальяда өткөн 2025 башкаруу саммитинде сөз сүйлөдү.

Түркиядан Сириянын борбор шаары Дамаскка карата биринчи каттам 23 - январда башталат.
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу түрк аба жолдорунун (THY) Антальяда өткөн 2025 башкаруу саммитинде сөз сүйлөдү.
Министр Уралоглу Сирияда коопсуздук жана аба навигациясындагы кемчиликтерди жоюу үчүн керектүү экспертиза жана колдоону бергендерин, түрк аба жолдорунун да Дамаскка делегация жиберип, керектүү иликтөөлөрдү жүргүзгөнүн айтты.
Уралоглу: «Жумасына үч жолу ишке ашырууну пландаган түрк аба жолдорунун Дамаск каттамдары Сирияда ырааттуулукту орнотуу, өткөөл процессти бүтүрүү жана бардык сириялыктарды кучагына алган системаны куруу үчүн дагы бир маанилүү кадам болот»,-деди.
Тектеш кабарлар

Селман Өзбояжы БУУнун Парламенттик отурумунда "Turkey" деген кайрылууну "Түркия" деп оңдотту
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Өзбаяжыга ыраазычылык билдирди.