ТРТ World Citizen сыйлыктары

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) социалдык жоопкерчилик тармагында маанилүү бренди болгон TRT World Citizen сыйлыктары бул жылы алтынчысы өткөрүлдү.

2231955
ТРТ  World Citizen  сыйлыктары
aysenur ezgi eygi trt world citizen odul.jpg
Steve Sosebee trt world citizen.jpg
trt world citizen odulleri.jpg

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) социалдык жоопкерчилик тармагында маанилүү бренди болгон TRT World Citizen сыйлыктары бул жылы алтынчысы өткөрүлдү.

Өзгөчөлөнгөн окуялары бар инсандар сыйланган Стамбулда өткөн аземде 6 башка категорияда сыйлыктар берилди.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажынын жетекчилигинде өткөрүлгөн  аземге коммуникация башкармалыгынын директору Фахреттин Алтун да катышты.

Аземде палестиналык ырчы Линур Палестинага арнап жазган “Wake Up” жана «Кеep Your Key» аттуу ырларын аткарды.

«Жылдын дүйнөлүк жараны» сыйлыгы Израилдин кол салууларында каза болгон Айшенур Эзги Эйгиге берилди.  

Коммуникация башкармылыгынын директору Фахреттин Алтун сыйлыкты Эйгинин атасы Мехмет Суат Эйгиге тапшырды.

Стив Сосеби болсо "Өмүр бою жетишкендиги үчүн" сыйлыгын алды.

Сосеби сыйлыкка адам укуктарына, гуманитардык жардамга жана медициналык колдоо көрсөтүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Бул жылы ТРТнын атайын сыйлыгы да берилди.

Сыйлык Сириядагы согуш учурунда оорукананы башкарып, жарадарларды дарылоо жана карапайым калкты сактап калуу үчүн өзгөчө аракеттерди жасаган доктор Амани Баллорга ыйгарылды.

Баллордун атынан сыйлыкты анын кесиптеши доктор Салим Намур алды.

«Биз окууну сүйөбүз» демилгесинин негиздөөчүсү Рана Дажаниге да «Педагог» сыйлыгы ыйгарылды.

Францияда жоолук салынган спортчу айымдардын көргөн кыйынчылыктарына жана дискриминацияга көңүл буруу үчүн иштеген Хелен Бага да Жаштык сыйлыгы берилди.

TRT World Citizen телекоммуникациясынын сыйлыгы угуусу начар адамдардын өз алдынча пикир алышуусуна шарт түзгөн Азима Данже жана Архум Истиакка берилди.

Жакшы дүйнө үчүн жеке аракеттердин канчалык эффективдүү болорун көрсөтүү менен айырманы жараткан адамдар сыйланган азем эстеликке сүрөткө түшүү  менен аяктады.



Тектеш кабарлар