Эрдоган : "Израилдин ок атышпоону бузушуна уруксат берилбеши керек"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин өзгөчө премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун узак мөөнөттүү ок атышпоону бузгандыгын белгилеп, бул жолу буга жол берилбеши керектигин айтты.

2232029
Эрдоган : "Израилдин ок атышпоону  бузушуна уруксат берилбеши керек"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин өзгөчө премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун узак мөөнөттүү ок атышпоону бузгандыгын белгилеп, бул жолу буга жол берилбеши керектигин айтты.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) Адана облустук курултайында сөз сүйлөдү.

Газадан жакшы кабар алгандарын баса белгилеген Эрдоган : "Биздин да аракеттерибиз менен Палестина каршылык кылуу  кыймылы Хамас менен Израилдин арасындагы ок атышпоо үчүн макулдашуу түзүлдү. 15 айдан кийин буюрса Газа калкы аз болсо да дем алат",- деди. 

Эрдоган Израиль өкмөтүнүн  467 күндөн бери жасап жаткан кыргындарга карабастан газалыктардын каршылыгына туруштук бере албагандыгын баса белгиленди. 

Израилдин өзгөчө  Нетаньяхунун ок атышпоо эрежелерин көп бузгандыгын эске салган Эрдоган : "Бул жолу буга уруксат берилбеши керек. Газада кайрадан мурункуга кайтпоо үчүн баары өзүнө түшкөн милдетти аткарышы керек. Израилге кысым жасалышы керек",- деди. 

Эрдоган 467  күн газалыктарды жалгыз калтырбагандарын, ок атышпоо мезгилинде да Газанын жараларын айыктыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушарын белгиледи. 

Президент Эрдоган : "Согуш жана адамзаттык кылмыш кылгандарды жоопко тартуу максатында жүргүзгөн күрөштү да күчөтүү менен улантабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар