Эрдоган : "ЙПГнын таштандыга ыргытылышына аз калды"
Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Кайсери облустук конгерссинде сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириянын түндүк аймактарын басып алган ПКК/ЙПГ террордук уюмунун таштандыга ыргытылууга аз калгандыгын айтты.
Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Кайсери облустук конгерссинде сөз сүйлөдү.
Тарыхтын Сирия тууралуу өздөрүн туура чыгаргандыгын белгилеген Эрдоган 61 жыл элине зулумчулук кылган Баас режиминин бир канча күндүн ичинде кулагандыгын, Асаддын артына карабастан Сириядан качкандыгын белгиледи.
Террор уюму ПКК/ЙПГнын тагдырынын эмне болорунун жакын экенин баса белгилеген Эрдоган: «Түркия катары максатыбыз Сириядагы бардык террордук уюмдардын оңой же күч менен жок кылынышын камсыз кылуу. Ушундай жол менен биз өзүбүздүн коопсуздугубузду да кепилдикке алып, коңшубуздун аймактык бүтүндүгүнө, саясий биримдигине жана ички тынчтыгына тоскоол болгон нерселерди жок кылууну көздөп жатабыз",- деди.
Президент : «ДЕАШ каршы күрөш деген театр менен аймагыбызды тозокко айландыргандар бул жолу ийгиликке жете алышпайт, ЙПГ террордук уюму Сириянын коопсуздугу жана тынчтыгына эң чоң тоскоол. Бул террордук уюм аркылуу иштелип чыккан сценарийлер эми күчүн жоготууда. Бул уюм да жакында таштандыга ыргытылат",- деди.