Түркия АКШны айыптады
Түркия АКШнын Түштүк Кипр рум башкаруусуна курал сатуу чечимин айыптады.

Түркия АКШнын Түштүк Кипр рум башкаруусуна курал сатуу чечимин айыптады.
Тышкы иштер министрлиги бул чечим тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады. Билдирүүдө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министрлигинин бул темага байланыштуу билдирүүсүндө жазылган көз караштар ортого салынып, булар белгиленди: «АКШ тарабынан жарыяланган Түштүк Кипр рум башкаруусунун курал сатуу жана аскердик машыктыруу үчүн ылайыктуу өлкө катары белгилеген чечимин айыптайбыз. Аралдагы куралдануу иштерин күчөтө турган бул чечимге абдан маанилүү жаңылыштык катары баа беребиз».
Аймактын абдан сезимтал мезгилден өтүп жаткандыгына көңүл бурулганда тийиштүү бардык тараптардын көкүтүүчү кадамдардан алыс туруусунун жана сезимталдык менен кыймыл кылышынын мааниси баса белгиленген билдирүүдө : «АКШнын кыска убакытан кийин кызматын баштай турган башкаруунун учурдагы президент тарабынан ташталган бул жаңылыш кадамдан кайтуусун күтүп жатабыз. Ата мекен жана кепил өлкө Түркия катары Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коргонуу жана тоскоолдук жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу максатында таштай турган кадамдарын колдоону улантабыз»,- деп айтылды.
АКШнын президенттик чечими
АКШнын президенти Жо Байден 1961 – жылдагы Тышкы жардам мыйзамына ылайык Түштүк Кипр рум башкаруусунун АКШдан «коргонуу материалдары жана кызматтарын» алуусуна мүмкүнчүлүк берген жарлык жарыялаган.
Ак үйдөн бул тууралуу берилген маалыматта : «Түштүк Кипр рум башкаруусуна коргонуу материалдары жана кызматтарынын берилиши, АКШнын коопсуздугун бекемдейт жана дүйнө тынчтыгын колдойт»,- деп айтылган.