ТРТ Дамаскта өкүлчүлүгүн ачат

Дамаск өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен ТРТнын чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн саны 19га жетет.

2231713
ТРТ Дамаскта өкүлчүлүгүн ачат

Түркиянын радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) Сириянын борбор шаары Дамаскта өкүлчүлүгүн ачат.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажынын көрсөтмөсү менен Дамаскта ТРТнын чет элдик өкүлчүлүгүн ачуу иштери башталды.

Ушунун негизинде өкүлчүлүктүн аккредитациясы жана расмий процесстерге байланыштуу Сириянын маалымат министрлиги менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Керектүү уруксаттар алынгандан кийин ТРТнын Дамаск өкүлчүлүгү иштей баштайт жана болгон окуяларды жеринен дүйнөгө жарыялайт.

Дамаск өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен ТРТнын чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн саны 19га жетет.



Тектеш кабарлар