ТРТ Араб мамлекеттеринин телерадиоберүү биримдигинин ассоциацияланган мүчөсү болду

Бул тууралуу ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы билдирүү жарыялады.

2231478
ТРТ Араб мамлекеттеринин телерадиоберүү биримдигинин ассоциацияланган мүчөсү болду

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) Араб мамлекеттеринин телерадиоберүү биримдигинин (ASBU) ассоциацияланган мүчөсү болуп шайланды.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, добуш берүү Тунисте 200гө жакын делегаттын катышуусу менен АСБУнун  44 -  Башкы Ассамблеясынын жыйнында өткөрүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында ТРТ бир добуштан АСБУнун ассоциацияланган мүчөсү болуп шайланды.

Ушундайча, ТРТ ассоциацияланган мүчө статусу менен АСБУнун жалпы жыйындарына жана ар кандай комитеттерге  катышып, пикирлерин бөлүшө алат жана бардык мүчөлөр менен байланыша алат.

Мындан тышкары, ТРТ АСБУнун маалымат алмашуу желесине кошулуу, Араб радио жана телекөрсөтүү фестивалына катышуу сыяктуу артыкчылыктарга ээ болот.

Бул тууралуу социалдык медиа эсебинен маалымат берген ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы ТРТ катары медиа тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө маани беришкендерин айтып : "Бул маселеге чоң маани берүүбүздүн натыйжасында, 1969-жылы негизделген жана дүйнөдөгү эң түптүү телерадио бирикмелеринин бири болгон Араб мамлекеттеринин телерадиоберүү биримдигинин ассоциацияланган мүчөсү болгонубузга кубанычтабыз",- деди.



Тектеш кабарлар