Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Гөргүн Брюсселде
Гөргүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында НАТОнун башкы кеңсесинде басма сөз өкүлдөрү менен жолугушту.

Президенттиктин коргоо өнөр жай башкармалыгынын төрагасы Халук Гөргүн Түркиянын коргонуу продуктуларынын экспортунун жарымынан көбүн НАТО өлкөлөрүнө жасагандыгын, бул тармакта союздаштары менен стратегиялык кызматташтыкты күчтөндүрүүнү каалагандарын айтты.
Гөргүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында НАТОнун башкы кеңсесинде басма сөз өкүлдөрү менен жолугушту.
Гөргүн НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана ар түрдүү жогорку деңгээлдеги жетекчилер менен жолугушууларды өткөргөндүгүн айтып : "Түркиянын коргонуу өнөр жай инфраструктурасы эми бир гана улуттук муктаждыктарды эле эмес, союздаштарыбыздын да муктаждыктарын канааттандырууга жетиштүүдө»,-деди.
"Негизги максатыбыз – НАТО менен болгон мамилебизди мындан ары да өнүктүрүү жана кызматташтыктын күчтүү негизин түзүү»,-деген Гөргүн НАТО менен конструктивдүү кызматташтыкты улантууга жана Түркиянын да, союздаштарыбыздын да коопсуздук муктаждыктары үчүн дагы ылдам жана эффективдүү чечимдерди иштеп чыгууда экендерин белгиледи.
Гөргүн Түркиянын коргонуу өнөр жай тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн НАТО долбоорлоруна дагы активдүү түрдө киргизүүнү максат кылгандарын белгиледи.
Түркиянын НАТОнун негизгимүчөсү экенин белгилеген Гөргүн Түркиянын дүйнөнүн 11- эң чоң коргонуу экспорттоочусу экендигин айтып,өлкөнүн учкучсуз учуучу аппарат секторунда 65 пайыздык глобалдык базар үлүшү бар экенин баса белгиледи.
Түркиянын НАТО союздаштарына олуттуу салым кошконун баса белгилеген Гөргүн, Түркияда коргонуу өнөр жайында 3500дөн ашуун фирманын бар экенин, алардын 1600ү техникаларын дүйнөнүн төрт тарабына экспорттогондугун айтты.
Гөргүн Түркияда өндүрүлгөн коргонуу продуктулары менен жабдууларынын сыналгандыгына көңүдөрдүбуруп : "Өткөн жылы 7 миллиард доллардан ашык экспортко жеттик. Бул экспортто Европанын үлүшү 27 пайызды түздү. Экспортубуздун 25 пайызы АКШга жасалды. Жалпы экспортубуздун 50 пайыздан ашыгын НАТО союздаштарына жасап жатабыз ",- деди.
Гөргүн Түркиядан экспорттолгон коргонуу продукцияларынын арасында учкучсуз учуучу аппараттар, ок-дары системалары, кургактык унаалары, электрондук согуш жабдыктары, радарлар, электро-оптика, учкучсуз деңиз унаалары жана логистикалык жабдуулардын бар экендигин айтты.