Эрдоган менен Хурелсух Ухнаа пресс жыйын өткөрдү

Эрдоган болжол менен 21 жылдан кийин Монголидан Түркияга мамлекет башчысы деңгээлинде жасалган сапар үчүн ыраазычылык билдирди.

2231499
Эрдоган менен  Хурелсух Ухнаа пресс жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Израиль өкмөтүнүн ок атышпоо келишимин бузуусуна уруксат берилбеши керек. Эл аралык коомчулук  50 миң баласынан ажыраган Газа калкына каршы бул укуктук жана моралдык жоопкерчиликтерин орундатышы керек»,- деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарага сапар менен келген Монголиянын президенти Хурелсух Ухнаа менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин президенттик комплексте өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган болжол менен 21 жылдан кийин Монголиядан Түркияга мамлекет башчысы деңгээлинде жасалган сапар үчүн ыраазычылык билдирди.

Кесиптешин сапарында өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жогорку даражалуу бюрократтар, ишкерлер, өнөр адамдары жана басма сөз өкүлдөрүнөн турган чоң делегациянын коштогондугун белгилеген Эрдоган, кийинки мезгилдерде Монголияга сапар менен барууну каалагандыгын билдирди.

Президент Эрдоган жолугушууларды эки тараптуу карым- катнаштар менен бирге Сирия, Палестина жана Украина сыяктуу актуалдуу, аймактык жана маданий абалдарды карап чыгышкандарын айтты.

Эрдоган Палестина каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас менен Израилдин ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишимине да токтолду.

Израилдин келишимге карабастан кол салууларын жана кыргындарын улантышы тынчсыздандырууларды арттыргандыгын айткан Эрдоган : «1967 -жылдагы чектердин негизинде борбор шаар Чыгыш Кудс болгон, географиялык бүтүндүккө ээ, көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө карата тынчтык сүйлөшүүлөрү эртерээк башталышы керек», -деди.



Тектеш кабарлар