Түрк аба жолдорунун Дамаск каттамдары башталууда
THY интернет баракчасынан маалымат берди.

Түрк аба жолдору (THY) Сириянын борбор шаары Дамаскка 23-январда кайрадан баштай турган каттамдарын жумасына үч күн эки тараптуу түрдө жүргүзөт.
THYнын интернет баракчасындагы маалыматка караганда, биринчи Дамаск рейси 23-январь бейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 09.00да Стамбул аэропортунан уча турган кенен борттуу Airbus A330-203 үлгүсүндөгү учак менен аткарылат.
Стамбул аэропортунан Дамаск эл аралык аэропортуна шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү Түркия убактысы боюнча саат 09.00да түз каттамдар ишке ашырылат.
Дамаск аэропортунан да ошол эле күндөрү саат 13.00тө Стамбул аэропортуна кайтуу каттамдары жүргүзүлөт.
Тектеш кабарлар

"Гөкдоган" бутасын таамай атты
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр бул тууралуу видеону социалдык медиада бөлүштү.