ТМУнун башкы катчысы “Fergani Space” компаниясын куттуктады
“Fergani Space” компаниясынын биринчи спутнигинин учурулушуна байланыштуу ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин куттуктоосу жарыяланды.

“Fergani Space” компаниясынын биринчи спутнигинин учурулушуна байланыштуу ТМУнун башкы катчысынын куттуктоосу
"Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы катары “Fergani Space” компаниясынын “FGN-100-d1” аттуу алгачкы спутнигинин ийгиликтүү космоско учурулушу менен чын дилимден куттуктайм. Бул жетишкендик, “Baykar” компаниясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы урматтуу Селчук Байрактар мырзанын жетекчилигинин алдында, түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл ойлору жана зор максаттары ишке ашканын айгинелейт.
Айрыкча кубандыраары, бул ийгилик Байрактар мырза Түрк дүйнөсүнүн жаштары менен Бухарада ТМУ тарабынан уюштурулган Жаштар платформасынын алкагында бөлүшкөн улуу кыялдын ишке ашышы болуп саналат. Көп жылдар бою калыптанган бул кыялдын жүзөгө ашышы түрк дүйнөсү үчүн чыныгы сыймык жана кубанычтын булагы болду.
Бул долбоор улуу окумуштуулар аль-Фергани жана Улугбектин илимий мурастарын жандандырып, биздин жалпы тарыхый жана илимий дөөлөттөрүбүздү даңазалоо менен келечек муундарга дем берет. Бул ийгилик түрк дүйнөсүнүн глобалдык космос технологиясында ордун бекемдеп, келечекке карай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Мындан сырткары, бул чоң ийгилик Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда космос технологиялары боюнча кызматташтыкты чыңдоого чоң өбөлгө түзөт. ТМУнун Катчылыгы бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон бекем туруктуулугун дагы бир жолу ырастайт. Биз мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы, билими жана технологиялары менен бөлүшө турган платформа түзүүгө жана жалпы космосту изилдөө мүмкүнчүлүктөрүбүздү чыңдоого аракет кылууну улантабыз.
Ушул улуу максатка жетүүгө салым кошкон бардык тараптарды чын жүрөктөн куттуктайм жана мындан аркы иш-аракеттерде ийгиликтерди каалайм".
Кубанычбек Омуралиев
Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы