Фидан: «Жаңы Сирияда ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга орун жок»
Тышкы иштер министри Хакан Фидан борбор шаар Анкарада өткөргөн 3+3 форматындагы жолугушуудан кийин Шейбани менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Жаңы Сирияда ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга орун жок»,-деди.
Хакан Фидан, Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын, Сириядагы жаңы администрациянын тышкы иштер министри Эсад Хасан Шейбани, Сириядагы жаңы администрациянын коргоо министри Мурхеф Эбу Касра жана Сириядагы жаңы башкаруунун чалгын кызматынын башчысы Энес Хаттаб менен борбор шаар Анкарада өткөргөн 3+3 форматындагы жолугушуудан кийин Шейбани менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.
8-декабрда Башар Асад режими кулатылгандан кийин Сирияда жаңы барак ачылганын белгилеген Фидан, Сириядагы жаңы башкаруу жана эл аралык коомчулуктун бул мүмкүнчүлүктү туура колдонуусу керектигин айтты.
Бул контекстте сириялыктар жетектеген жана ээлик кылган камтыган саясий процесстин курулушунун чоң мааниге ээ экенин баса белгилеген Хакан Фидан : «Сириядагы бардык диний, этникалык жана секталык топтордун бири-бирин кучагына алган учур келди. Жаңы башкаруунун камтуучу мамиле менен иш алып барганы кубандырат. Түркия катары Улуттук диалог конференциясынын Сириядагы бардык компоненттеринин эркин чагылдыруу аракетин колдойбуз»,-деди.
Бул тарыхый бурулушта эл аралык коомчулуктун милдети Сирияга ар түрдүү колдоо көрсөтүү экенине көңүл бурган Фидан: «Сирия элинин калыбына келүүсүнө жардам беришибиз керек. Биз Сирияны атаандаштык эмес, кызматташтык аймагы катары көрүшүбүз керек»,-деди.
Түркиянын Дамаск элчилигинин 12 жылдык тыныгуудан кийин өткөн айда ачылганын эске салган Фидан: «Биздин Халебдеги башкы консулдугубуз да 20-январда иштей баштайт, Түрк аба жолдорунун жакын арада каттамдарын көрөбүз деген үмүттөбүз»,-деп айтты.
Асад режиминин Сирияда көп жылдардан бери террордук уюмдарды коноктогондугун жана террор экспорттогондугун белгилеген Фидан: «Жаңы Сирияда ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга орун жок»,-деди.
Министр Фидан Сириядагы жаңы башкаруунун террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүгүнөн ыраазы болгондорун жана бул багытта ишке ашыруунун башталышы керектигин белгиледи.
«Сириядагы ыңкылаптан» бери өлкөсү менен бирге болгон Түркияга жана элине ыраазычылыгын билдирген Асад Хасан Шейбани : «Сирия жана Түркия жаңы тарых жазды»,-деди.
Мунун бир туугандыктын үстүнө курулган тарых экенин белгилеген Шейбани, бул бир туугандыктын аймакта ырааттуулук жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөнүн айтты.
Түркия менен Сириянын ортосундагы карым-катнаштардын «жаңы горизонтторду карай» ар түрдүү тармактарда эң жакынкы келечекте күч ала турганын айткан Шейбани : ««Жаңы башкаруу Сирия жерлеринин мындан ары Түркия жана түрк калкы үчүн коркунуч жаратпашы керек деп эсептейт»,-деп кошумчалады.