Фидан: "Түркия Палестина элине колдоосун улантууга чечкиндүү"
Хакан Фидан Хамас менен Израилдин ортосунда жетишилген ок атышпоо келишимине байланыштуу билдирүүсүн X социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газада ок атышпоо үчүн жетишилген келишимдин «адилеттик жана адамзат үчүн маанилүү кадам» болгонун баса белгиледи.
Хакан Фидан Хамас менен Израилдин ортосунда жетишилген ок атышпоо келишимине байланыштуу билдирүүсүн X социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.
Фидан билдирүүсүндө: «Газада ок атышпоо үчүн жетишилген келишим адилеттик жана адамзат үчүн маанилүү кадам болуп саналат»,-деди.
Бул процессти мүмкүн кылган Катар менен Египеттин аракеттеринин мактоого арзырлык экенин айткан Фидан: «Эми бул келишим толугу менен ишке ашырылышы жана Газага гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши камсыз кылынышы зарыл. Эл аралык коомчулук бул укуктук жана ахлактык жоопкерчиликти аткарышы керек. Алдыдагы процессте туруктуу тынчтык үчүн аракет кылып, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүн камсыз кылышыбыз керек»,-деп билдирди.
Министр Фидан Түркиянын Палестина элине колдоосун улантууга жана өз милдетин аткарууга чечкиндүү экенин айтты.
Фидан: «Зулум бүткөн, адилеттик өкүм сүргөн, Палестинанын эгемендүүлүк чырагы эркин күйгөн келечекти куруу үчүн болгон күчүбүз менен аракетибизди улантабыз»,-деди.
2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан 45 миңден ашуун палестиналык набыт болду.