Эрдоган Монголиянын президентин расмий азем менен тосуп алды
Президент Эрдоган Ухнааны комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды.
2231444

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Монголиянын президенти Хурелсух Ухнааны борбор шаар Анкарада расмий азем менен тосуп алды.
Ухнаанын кызматтык унаасын Президенттик комплекстин алдындагы көчөдөн тосуп алышкан атчан жоокерлер, унааны протоколдук дарбазага чейин коштоп барышты.
Президент Эрдоган Ухнааны комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды.
Эрдоган менен Ухнаа өз делегацияларын бири-бирине тааныштыргандан кийин эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүштү.