Сириянын жаңы башкаруусунун тышкы иштер министри Түркияга келет
Тышкы иштер министрлиги Шейбанинин Түркия сапарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
2230582

Сириядагы жаңы башкаруунун тышкы иштер министри Асад Хасан Шейбани жана аны коштогон делегация Түркияга барат.
Тышкы иштер министрлиги Шейбанинин Түркия сапарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Шейбанинин бүгүн аны коштогон «жогорку деңгээлдеги делегация» менен Түркияга келе турганы белгиленген билдирүүдө: «Сапардын алкагында министрибиз (Хакан Фидан), улуттук коргоо министрибиз Яшар Гүлер жана Улуттук чалгындоо уюмубуздун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын сириялык делегация менен жолугушуу өткөрүлүшү болжолдонууда»,деген маалымат берилди.