Президент : "ЙПГ куралдарын таштабаса жакындап келе жаткан аянычтуу тагдырынан кутула албайт"

Президент Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

2230983
Президент : "ЙПГ куралдарын таштабаса жакындап келе жаткан аянычтуу тагдырынан кутула албайт"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Сириянын жаратылыш ресурстарын да басып алган ЙПГ террордук уюму өзүн өзү таркатып курал таштабаса жакындап келе жаткан аянычтуу тагдырынан кутула албайт»,- деди.

Президент Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

«Сирия Түркияга жакын өлкө, толугу менен туура жана мыйзамдуу негиздер менен өзгөчө да гуманитардык себептер менен кийлигишүүдөн башка табигый нерсе жок»,- деди.

Президент : «Кылымдардан бери келе жаткан боордоштук карым  - атнаштарыбыздын жана  911  километрдик чек арабыз болгон коңшу бир өлкөгө, батыштыктардын көз карашы менен карай албайбыз. Биз Сирядагы бардык топтор  сыяктуу күрт боордошторубуздун да бардык маселелеринин чечилишин иликтеп, колдойбуз. Күрттөрдүн коопсуздугунун кепилибиз»,- деди.

Эрдоган : «15 айдан бери геноцид жана кыргындар уланып жаткан Газада ок атышпоонун түзүлүшү менен бардык аймакта туруктуу тынчтык жана туруктуулук үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк жаралат»,- деди.



Тектеш кабарлар