Эрдоган Шейбанини да кабыл алды
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбени кабыл алды.
Баш калаа Анкарада Президенттик комплекстеги кабыл алууда, тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын да болду.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, президент Режеп Таййип Эрдогандын Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбени кабыл алуусунда эки өлкөнүн карым-катнаштары менен бирге аймактык жана глобалдык темалардын сүйлөшүлгөнүн билдирди.
Түркиянын Ливиядагы мыйзамдуу маектешинин Улуттук Биримдик Өкмөтү экенин айткан Эрдоган, Түркия менен Ливиянын ортосундагы карым-катнаштарды энергетика, коопсуздук жана деңизчилик баш болгон көптөгөн тармакта өнүктүрүүнү уланта тургандарын баса белгиледи.
Президент Эрдоган Түркия менен Ливиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги орток кызыкчылыктарын коргоо үчүн тыгыз байланыш жана кызматташтыктын улана турганын маалымдады.
Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнөн берилген маалыматта болсо Эрдоган менен Дибейбенин Ливиядагы окуяларга жана Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн өнүгүүгө карай аракетине баа бергени айтылды.
Жолугушууда аймактык жана эл аралык окуялар, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода карым-катнаштары каралып, аскердик тармакта кызматташтыкты бекемдөө жолдору талкууланганы билдирилди.
Дибиебенин Анкарага сапарынын эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн күчтөндүрүлүшү жагынан маанисин баса белгилегени жана Улуттук биримдик өкмөтүнүн Түркиянын өзгөчө саясий жана экономикалык тармактарда өлкөсүнө колдоосун жогору баалаганын билдиргени кабарланды.
Андан соң Эрдоган Сириядагы жаңы администрациянын тышкы иштер министри Асад Хасан Шейбанини да Президенттик комплексте кабыл алды.
Тектеш кабарлар

"Гөкдоган" бутасын таамай атты
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр бул тууралуу видеону социалдык медиада бөлүштү.