Башкы штабдын төрагасы Метин Гүрак Брюсселде
Сапардын алкагында эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү.
2230730

Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Метин Гүрак расмий жолугушуулар үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барды.
Генерал Метин Гүракты Бельгиянын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Фредерик Вансина Брюсселде аскердик азем менен тосуп алды.
Сапардын алкагында эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууда аскердик карым-катнаштар, коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык, аймактык жана эл аралык абалдар талкууланды.