Түркиядагы жөөттөрдүн башкы раввини Халева каза болду
Эрдоган Исак Халеванын каза болушуна байланыштуу көңүл айтты.
2230348

Түркия башкы раввини Исак Халева Стамбулда көз жумду.
85 жашында каза болгон Исак Халеванын каза болгонун Түркия башкы раввиндер фонду билдирди.
Андан соң президент Режеп Таййип Эрдоган түрк жөөт коомчулугунун теңтөрагалары Эрол Коэн жана Исхак Ибрахимзаде менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиядагы жөөттөрдүн башкы раввини Исак Халеванын каза болушуна байланыштуу көңүл айтты.