Шайбани эртең Түркияга келет

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Сирия жыйынында Сириянын жаңы башкаруусунун тышкы иштер министри Асад Хасан Шайбани менен жолугушкан.

2230318
Шайбани эртең Түркияга келет

Сирияда 61 жылдык Баас режиминин кулатылышынан кийин түзүлгөн жаңы башкаруу менен Түркиянын дипломатиялык жолугушуулары уланууда.

Сириянын жаңы администрациясынын тышкы иштер министри Асад Хасан Шайбанинин эртең делегациясы менен Түркияга келиши күтүлүүдө.

Шайбани социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасап, «Он төрт жылдан бери Сирия калкын эч качан жалгыз калтырбаган Түркия Республикасына биринчи расмий сапарыбызды жаңы Сириянын өкүлү катары эртең жасайбыз»,-деди.  

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Сирия жыйынында Сириянын жаңы башкаруусунун тышкы иштер министри Асад Хасан Шайбани менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар