Куртулмуш: «Израиль Газада кылган кыргындарынын кесепетинен кутула албайт»
Стамбулдагы Баб-ы Али жолугушууларынын алкагында уюштурулган «Жаңы глобалдык системаны издөө жана Түркиянын ролу» аттуу программада сөз сүйлөгөн Куртулмуш баскынчы сионисттик режимдин көптөгөн эл аралык тармактарда жооп берерин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Израилдин Газада кылган кыргындарынын кесепетинен кутула албай турганын баса белгиледи.
Стамбулдагы Баб-ы Али жолугушууларынын алкагында уюштурулган «Жаңы глобалдык системаны издөө жана Түркиянын ролу» аттуу программада сөз сүйлөгөн Куртулмуш баскынчы сионисттик режимдин көптөгөн эл аралык тармактарда жооп берерин айтты.
Газадагы адамдык трагедия үчүн дүйнөнүн көп жеринде уюштурулган демонстрацияларды эске салган Нуман Куртулмуш: «Адамзат фронтунун ар бир демонстрациясы жана «Палестинага эркиндик» деп кыйкырган ар бир ураан Эл аралык Адилет Соту менен Эл аралык Кылмыш Сотуна таасирин тийгизди. Кол тийбес деп эсептелген Израилге тийди. Булар Нетаньяху жана анын бандасы алып келген сионисттик режимдин жакшы күндөрү жана жакшы абалы деп ишендире алам.
Алдыдагы мезгилде дүйнөлүк системаны өзгөртүү жагынан тарыхый мааниге ээ болгон Израилге дагы көбүрөөк токтолобуз. Алар көптөгөн эл аралык ареналарда жоопко тартылышат жана кылган иштеринен кутула алышпайт. Менин айтып жатканым бир гана өкмөткө каршы эмес, кыйраган жана тебеленген эл аралык системанын кайра тирилүүсүнө алып баруучу маанилүү кадам»,-деди.
Куртулмуш дүйнөдө карама-каршылыктардын жана кагылышуулардын кескин түрдө өнүгүп жаткан мезгили болорун белгилеп: «Бир тарапта адилеттикти жактагандар менен экинчи тарапта зулумдукту жактагандардын ортосунда күрөш жана карама-каршылык болот. Гуманитардык фронт адилеттүүлүктү коргогондор бул маселеде кантип чогула ала тургандыгы жөнүндө абдан конкреттүү мисалды көрсөттү. Палестинанын кайда экенин да билбеген адамдардын тикесинен тик туруп, Палестина маселесин колдогону алардын жогорку адилеттүүлүгү менен гана түшүндүрүлөт», - деп айтты.