Хакан Фидан норвегиялык жана словениялык кесиптештери менен жолугушту

Министр Фидан сүйлөшүүдө эл аралык коомчулуктун Сирияга колдоо бериши керектигин баса белгиледи.

2230220
Хакан Фидан норвегиялык жана словениялык кесиптештери менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия-Словения биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйыны үчүн Түркияга келген Словениянын вице-премьер-министри, тышкы жана Европа  иштер боюнча министри Таня Фажон менен жолугушту.

Борбор шаар Анкарадагы жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтык сыяктуу маселелер каралып, Сирия жана Газадагы акыркы абал да талкууланды.

Министр Фидан сүйлөшүүдө эл аралык коомчулуктун Сирияга колдоо бериши керектигин баса белгиледи. 

Фидан Газада эртерээк туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү жана аймакка гуманитардык жардамдардын үзгүлтүксүз жеткирилиши керектигин да белгиледи. 

Тышкы иштер министри Хакан Фидан норвегиялык кесиптеши Эспен Барт Эйде менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абал жана Газада ок атышпоо аракеттери талкууланды.

 



Тектеш кабарлар