Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.

2229898
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Ирак жана Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 6 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Түрк куралдуу күчтөрүнүн террордук уюмдарга каршы операцияларын улантып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө: «Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-Кулпу" операциясы аймагында аныкталган 3 ПКК террористи менен Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагында аныкталган 3 ПКК/ЙПГ террористи таасирсиз кылынды.Террорду өз булагында жок кылуу үчүн кудуреттүү жана чечкиндүүбүз»,-деп айтылды. 



Тектеш кабарлар