Стамбул каржы борборунун кызматташтыгы

Финансы секторунун жүрөгү «Стамбул каржы борбору» жаңы кызматташтыктар менен дагы да өсүп жатат.

2230008
Стамбул каржы борборунун кызматташтыгы

Түркиянын дүйнөлүк каржы базарларындагы орду күчтөнүүдө.

Финансы секторунун жүрөгү «Стамбул каржы борбору» жаңы кызматташтыктар менен дагы да өсүп жатат.

Акырында экономикасы боюнча дүйнөдөгү 35-орунда турган Гонконг менен кызматташуу түзүлдү.

Гонконгдун каржылык кызматтарды өнүктүрүү кеңеши менен кызматташуу келишимине кол коюлду.

Максат - биргелешкен долбоорлор аркылуу секторго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо.

Гонконг сыяктуу түптөлгөн каржы борбору менен болгон мындай өнөктөштүк Стамбул каржы борборуна дүйнөлүк аренада көбүрөөк көрүнүүнү жана эл аралык инвесторлор үчүн жагымдуу борборго айланууну камсыздайт.

Келишимдин алкагында каржы борборлорунун ортосунда маалымат жана тажрыйба бөлүшүлөт.

Эл аралык каржы кызматтары жана өнүмдөрү боюнча маалымат алмашуу болот.

Жалпы жумушчу зоналар түзүлөт. Технология тармагында кызматташуу болот.

Келишим менен Стамбул каржы борбору Түркиянын дүйнөлүк каржы дүйнөсүндөгү ролун дагы да бекемдейт.



Тектеш кабарлар