Фидан: «Түркия катары Сирия калкынын алдында турган кыйын жолду жеңилдетүүгө даярбыз»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда Араб лигасына мүчө өлкөлөрдүн катышуусу менен өткөрүлгөн Сирия жыйынына катышты.

2229547
Фидан: «Түркия катары Сирия калкынын алдында турган кыйын жолду жеңилдетүүгө даярбыз»
fidan riyad.jpg
hakan fidan riyad.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Түркия катары Сирия калкынын алдында турган кыйын жолду жеңилдетүү үчүн өз салымыбызды кошууга даярбыз»,-деди.

Хакан Фидан Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда Араб лигасына мүчө өлкөлөрдүн катышуусу менен өткөрүлгөн Сирия жыйынына катышты.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Фидан Сириядагы жаңы башкаруунун тышкы иштер министри Ахмед аш-Шайбанинин жолугушууда болушунун «бурулуш жана тарыхый учур» болгонун белгиледи.

Аймактык өлкөлөр катары Сириядагы абалды туура багытка бурууда эң чоң жоопкерчиликти алганыбызды баса белгилеген Фидан, Сириядагы нормалдашуунун белгилеринин күн өткөн сайын күчтөнгөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Хакан Фидан: «Ушул критикалык мезгилде эл аралык коомчулуктун күтүүлөрү менен Сириядагы жаңы башкаруу туш болгон чындыктарды кылдаттык менен тең салмактап, тең салмактуу күч катары иш алып барышыбыз керек»,-деди.

Аракеттердин дагы эффективдүү болушу үчүн координация механизми же комитеттердин түзүлүшү мүмкүн экенин белгилеген Фидан, алдыдагы мезгилде санкциялардан көбүрөөк бошотууларды камсыз кылуу үчүн артыкчылыктуу секторлордун чечкиндүү болушу керектигин айтты.

Фидан Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн жана биримдигинин сакталышынын мындан ары да негизги көңүл бурулушу керек болгон жагдай экенин баса белгилеп: «Эгерде «SDF» (Сирия Демократиялык Күчтөрү - ПКК/ЙПГнын Сирияда колдонгон аты) Сириягы борбордук өкмөт менен интеграциялануу аракетинде чынчыл болсо, анда ал тараганын жарыялоого тийиш»,-деп айтты.

Террордук уюмдун Евфраттын чыгышындагы араб көпчүлүгүнө олуттуу коркунуч туудуруусун улантып жатканын жана Сирия калкынын эң көп муктаж болгон жаратылыш байлыктарын талап-тоноону улантып жатканын эске салган Фидан: «Биз жаңы башкаруунун ДЕАШ менен эффективдүү күрөшүү мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү үчүн чогуу иштей алабыз. Түркия катары Сирия калкынын алдындагы кыйын жолду жеңилдетүү үчүн өз салымыбызды кошууга даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар