Мехмет Фатих Кажыр болот купол тууралуу маалымат берди
Министр Кажыр Сакариядагы сүйлөгөн өзүндө Түркиянын авиация тармагындагы алгачкы изилдөөлөрүнө токтолду.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр болот купол долбоорун ийгиликтүү ишке ашыра тургандарын айтты.
Министр Кажыр Сакариядагы сүйлөгөн өзүндө Түркиянын авиация тармагындагы алгачкы изилдөөлөрүнө токтолду.
Кажыр түрк улутунун уулдарынын Байрактар, АНКА, Акынжы, Аксунгур, Хүркуш, Хүржет, Атак, Гөкбей, Каан жана Кызыл Элма менен асманда из калтырганын белгиледи.
Кажыр алдыда көптөгөн иштин бар экенин, бир гана коргонуу өнөр жайында эмес, өнөр жай жана технологиянын бардык тармагында толук көз карандысыз Түркияны кура тургандарын, эк кимге көз каранды болбой турган Түркия үчүн акырына чейин иштей тургандарын баса белгиледи.
Министр Кажыр: «Болот купол долбоорун ийгиликтүү ишке ашырабыз, эч ким түрк улутуна зыян келтирүүнү да ойлой албайт»,-деди.