Хакан Фидан эртең Риядда боло турган Сирия жыйынына катышат

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидандын эртең Эр-Риядда катыша турган жыйын 2024-жылдын 14-декабрында Иорданиянын борбору Акабада өткөрүлгөн ушул эле темадагы жолугушуунун уландысы болот.

2229386
Хакан Фидан эртең Риядда боло турган Сирия жыйынына катышат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда боло турган Сирия тууралуу жыйынга катышат.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидандын эртең Эр-Риядда катыша турган жыйын 2024-жылдын 14-декабрында Иорданиянын борбору Акабада өткөрүлгөн ушул эле темадагы жолугушуунун уландысы болот.

Жыйынга Түркия менен Сириянын тышкы иштер министрлери, Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин (БКК) мүчөлөрү (Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Бахрейн жана Оман), Ирак, Ливан, Иордания, Египет, Улуу Британия менен Германиянын тышкы иштер министрлери, АКШ менен Италиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, жыйынга Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Араб лигасынын башкы катчысы, Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин башкы катчысы жана БУУнун башкы катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Жыйындын негизги күн тартибин Сирияда ырааттуулук жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн таштала турган кадамдар болот.

Министр Фидандын Сириянын жаңы башкаруусу менен өлкөнүн ырааттуулугуна карай кеткен жолдогу алакага жана кубаттоого негизделген карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеши күтүлүүдө.

Сириянын жеринин бүтүндүгү жана биримдиги принциби баса белгилениши күтүлүп жаткан жыйында Фидандын Сириядагы учурдагы абалдан пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн болгон террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы  бардык чаралардын көрүлөөрүн дагы бир жолу баса белгилей тургандыгы билдирилди. 

Хакан Фидандын Сириянын кайрадан курулушу үчүн ылдамдыгын жоготпостон системалуу жана ырааттуу кадам таштоонун маанисине көңүл бурушу күтүлгөн жыйында акыркы күндөрдө Сирияга карата  санкциялардан бошотуулардын масштабын кеңейтүүнү кубаттай тургандыгы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар