Абдулкадир Уралоглу биринчи жергиликтүү жана улуттук байкоочу радар тууралуу маалымат берди
Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын (DHMİ) башкы директорлугу жана ТҮБИТАК BİLGEM кызматташуусу менен толук түрк инженерлери тарабынан чыгарылган MGR тууралуу маалымат берди.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу биринчи жергиликтүү жана улуттук байкоочу радарды (MGR) ушул жылдын биринчи чейрегинде ишке киргизүүнү пландагандарын билдирди.
Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын (DHMİ) башкы директорлугу жана ТҮБИТАК BİLGEM кызматташуусу менен толук түрк инженерлери тарабынан чыгарылган MGR тууралуу маалымат берди.
Бул системаны 2024 - жылы декабрь айында так түрдө кабыл алгандарын белгилеген Уралоглу радар конушунун Газиантеп аэропортторунун жакындарындагы Гаффур Баба дөңсөөсүнө жайгашкнадыгын белгиледи.
Уралоглу Түркиянын жарандык авиация тармагындагы биринчи жергиликтүү жана улуттук жарандык байкоочу радары MGRдин ишке берилээрден мурда башталган үзгүлтүксүздүк сыноолордон ийгиликтүү өткөнүн белгилеп: «Аба кыймылын башкаруу системалары менен интеграциянын түзүлүшүнөн кийин ушул жылдын биринчи чейрегинде пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз",- деди.
Радардын аба кыймылын программалары менен интеграциялуу түрдө иштеп аба кыймылын көзөмөлдөө кызматтарында эффективдүүлүктү арттырарын айткан Уралоглу : "MGR өлкөбүздүн авиация тармагындагы ата мекендик жана улуттук өндүрүштүк демилгесинин маанилүү учуру болот",- деди.
Министр Ураоглу MGRди Түркия боюнча жайылтуу менен авиациялык системаларда тышка болгон көз карандылыкты азайтышарын, 1 миллион километр квадраттык түрк аба аянтынын баарын жергиликтүү жана улуттук технологиялар менен көзөмөлдөнөрүн айтты.