Түркия - Иран айыл - чарба тармагында кызматташуу жыйыны өттү

Айыл   чарба жана токой чарбачылыгы министри Ибрахим Юмаклы Иран менен кызматташуу тармактарын түрдөнтүү менен өнүктүрүүнү уланта тургандарын айтты.

2229038

Ибрахим Юмаклы борбор шаар Анкарада өткөн Түркия  -  Иран айыл - чарба тармагында кызматташуу жыйынында сөз сүйлөдү.

Юмаклы Түркия катары Иран менен эки тараптуу соода көлөмүнүн  30 миллиард доллар максатына  жетиши үчүн кызматташууну түрдөнтүү менен уланта тургандыгын айтты. 

Ирандын Түркиянын Азияга ачылган каалгасы, Түркиянын да Ирандын Европага ачылган каалгасы экендигин айткан Юмаклы : "Санкциялардан улам  коңшубуз Иран менен экономикалык жана соода карым - катнаштарыбызды токтоткон жокпуз, мындан кийин да токтотпойбуз",- деди. 

Министр Юмаклы учурдагы санкциялардын Иран менен иштиктүү карым-катнаштарда, өзгөчө банк системасында көйгөйлөргө алып келгенин белгилеп, «Ушул жана ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн кыска убакытта чечилээрин үмүт кылабыз»,-деди. 

Тектеш кабарлар