Түркия Авнды куттуктады
Тышкы иштер министрлиги Авндын Ливандын президенти болуп шайланышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
2228983

Түркия Ливандын президенти болуп шайланган Жозеф Авнды куттуктады.
Тышкы иштер министрлиги Авндын Ливандын президенти болуп шайланышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө Авнга куттуктоо айтылып, кийинки мезгилде түзүлө турган жаңы өкмөттүн Ливандын стабилдүүлүгү менен аймактын тынчтыгына жана өнүгүшүнө салым кошору белгиленди.
Ливанда эки жылдан ашык убакыттан бери президенттик орундуктун боштугун жана саясий кризистен кийин парламенттик сессиянын өткөн экинчи айлампасында башкы штабдын төрагасы Авн Ливандын 14-президенти болуп шайланды.