Хереке килеминин рестоврациясы бүттү
Осмон империясы мезгилинде Гаага тынчтык сарайына белек кылынган 114 жылдык Хереке килеми Аксарайда бир жылга созулган рестоврациядан кийин Гаагага тапшырылды.
Осмон империясы мезгилинде Гаага тынчтык сарайына белек кылынган 114 жылдык Хереке килеми Аксарайда бир жылга созулган рестоврациядан кийин Гаагага тапшырылды.
Нидерландиядагы Гаага тынчтык сарайына Осмон империясы мезгилинде белек кылынган Хереке килеминин Аксарайда 1 жылга созулган рестоврациясы бүттү.
Килемдин сарайдагы Япон залына төшөлүү аземине маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жана башка жетекчилер катышты.
Эрсой килемдин Түркиянын маданий байлыгын чагылдырган негизги үлгүлөрдүн бири экендигин айтты.
Килем 13 миллион 704 миң түрк гөрдес түйүнүнөн турат жана Япон залын кооздоп турат.
Рестоврация тажрыйбалуу чеберлер тарабынан 8 этапта жүргүзүлүп, килемдин оригинал жиптери менен түстөрү белгиленип рестоврацияланды.
Тынчтык сарайы бир топ эл аралык мекеменин борбору катары кызмат кылууда.