Фахреттин Алтун журналисттер күнү менен куттуктады

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Алтун 10-январь Эмгектенип жаткан журналисттер күнүнө карата социалдык медиада билдирүү жарыялады.

2229263
Фахреттин Алтун  журналисттер күнү менен куттуктады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун Израилдин Газадагы кол салууларында жүздөгөн журналисттин каза болушу жана көп сандаган кишинин жараланышына терең кайгыргандарын айтты.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Алтун 10-январь Эмгектенип жаткан журналисттер күнүнө карата социалдык медиада билдирүү жарыялады.

Алтун Израилдин Газадагы кол салууларында каза болгон журналисттер үчүн кайгысын билдирди.

Алтун : "Кагылышуу аймагындагы башка жарандар менен бирге журналисттердин бутага алынышын жана өлтүрүлүшүн дагы бир жолу айыптайбыз. Кызматын аткарып жатып каза болгондорго Аллахтан ырайым, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалаймын",- деди. 

 

Алтун президенттиктин коммуникация башкармалыгы катары журналисттерибиздин иштөө шарттарын жана медиа секторун колдой турган алдыңкы инновациялар үчүн иштөөнү улантабыз жана ар дайым журналисттерибиздин жанында болобуз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар