Эрдоган : "Сириянын бошотулушу бизди кубантты"
Президент Режеп Таййип Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партисынын Денизлидеги 8 - кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириянын бошотулушу кубандыргандыгын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партисынын Денизлидеги 8 - кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.
Сирияда Асад режиминин кулатылгандыгын, 8 - декабрда оппозициянын Дамаскты багындыргандыгын эске салган Эрдоган : "Оппозициячылдардын 13 жылдык зулумдугу акырына чыгышы менен Түркия катары биз да ыраазыбыз. Сириянын эркин болушу бизди да кубандырды. Биз 911 километр чек арасы бар Сириядагы кагылышуунун терс таасирин эң көп сезген өлкөлөрдүн бири болдук",- деди.
Террордук уюмдар (Сирияда) чет элдик күчтөрдүн колдоосу менен күчтөнүүдө. ДЕАШ шылтоосу менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга курал-жарак жөнөтүлгөнүн эске салган президент: «Зулум Асад Сирияны абдан чоң баңгизат өндүрүүчү чарбага айлантты, өлүмгө жана кыйноого айланган түрмөлөрдү кошкон жокмун. Сирияда бооруна таштын ордуна жүрөк алып жүргөндөрдүн баары бактылуу боло турган чоң бир элдик төңкөрүш болду",- деди.