Стамбул-Дамаск каттамдары башталат
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу жеке менчик бир телеканалда, Сириядагы транспорттун жаңы мезгилине токтолду.

Стамбулдан Сириянын борбор шаары Дамаскка учак каттамдары үч-төрт айдын ичинде башталат.
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу жеке менчик бир телеканалда, Сириядагы транспорттун жаңы мезгилине токтолду.
Дамаск аэропортунун эл аралык каттамдарга даяр болушу керектигин баса белгилеген Уралоглу, Сирияга каттамдардын 4 айдын ичинде башталышы мүмкүн экенин айтты.
Министр Уралоглу: «Стамбулга Дамасктан байланыш түзө алсак аларды бүткүл дүйнөгө ачкан болобуз. Бул багытта иш-араттерибиз уланууда»,-деди.
Сириянын реконструкция процессине да токтолгон Уралоглу: «Сирия көптөгөн товарларды жеткире ала турган өлкө. Жасала турчу көп иштер бар. Биз үчүн ал жердин туруктуулугу маанилүү. Буга чейин үч операциялык зонада жана оппозициялык аймактарда жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо ж.б. иштерди жүргүздүк. Ал жакта тажрыйбабыз бар. Биз буларды уланта беребиз»,-деп айтты.