Фидан ТКТРда жолугушууларды өткөрдү
Министр Фидан Республикалык Түрк партиясынын төрагасы Туфан Эрхүрман менен Элдик партиянын төрагасы Кудрет Өзерсайды Түркиянын Левкошадагы элчилигинде кабыл алды.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан иш сапарынын алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолугушууларды өткөрдү.
Министр Фидан Республикалык Түрк партиясынын төрагасы Туфан Эрхүрман менен Элдик партиянын төрагасы Кудрет Өзерсайды Түркиянын Левкошадагы элчилигинде кабыл алды.
Жолугушууларда Фиданды Түркиянын Левкошадагы элчиси Ясин Экрем Серим коштоп жүрдү.
Министр Фидан сапарынын биринчи күнүндө кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар менен жолугушту.
Фидан жолугушуудан кийин жасаган билдирүүсүндө, Кипрде эки мамлекеттүү чечимдин көбүрөөк гүлдөп-өнүгүүгө жол ача турганын белгиледи.
«Эки мамлекеттүү чечимден башка жол жок экенин баары көрүп жатышат»,-деди ал.
Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин төрагасы Зия Өзтүрклер, премьер-министр Үнал Үстел жана аны коштогон делегация менен да жолугушту.