Түркия Кытайга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында болгон жер титирөөдөн улам каза болгондор үчүн терең кайгыруу болгондугу белгиленди.

2228141
Түркия  Кытайга көңүл айтты

Түркия Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында болгон жер титирөөдөн улам каза болгондор үчүн терең кайгыруу болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө каза болгондордун жакындарына жана Кытай өкмөтүнө, элине көңүл айтылып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетиши кааланды.

Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында кечээ болгон 6,8 баллдык жер титирөөдө 126 адам каза болуп, 188 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар