Togg T10X эң көп сатылган SUV болду
Бренддин 2023-жылы жалпы сатуу көрсөткүчү 19 миң 583 даанага жетти.
2227841

Ата мекендик электр унаасы Togg T10X 2024-жылы Түркияда эң көп сатылган SUV болду.
Togg T10X 30 пайыздык рынок үлүшү менен Түркиянын электр унаа рыногунда лидер болуп, бардык сегменттеринде эң көп сатылган SUV наамын да алды.
Жылдын акыркы айында колдонуучуларына 5 миң 789 T10X жана 2024-жылы жалпы 30 миң 93 T10Xти тапшырган бренддин, 2023-жылы жалпы сатуу көрсөткүчү 19 миң 583 даанага жетти.
Ушундайча 2024-жылы Түркиянын ар бир аймагынан чоң кызыгуу тарткан T10Xтин трафиктеги жалпы саны 2023-жылга салыштырмалуу 153,6 пайызга өсүп 49 миң 676га жетти.