Фидан Палестина жана Сирия тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Нигдеде өткөргөн иш чарасында сөз сүйлөдү.

2227286
Фидан Палестина жана Сирия тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Палестинада тынчтык жана адилеттик орнотулмайынча, Газада бүткүл дүйнөнүн көз алдында уланып жаткан геноцид токтотулмайынча өздөрү үчүн уйку да, бейпилдик дагы болбой турганын айтты.

Хакан Фидан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Нигдеде өткөргөн иш чарасында сөз сүйлөдү.

Жылдар бою илмек-илмек токулган стратегия менен Сирияны тынчтык жана ырааттуулукка алып келүү үчүн колдон келген аракетин жасагандарын айткан Фидан:«Биз бир туугандык жана коңшулук мыйзамы талап кылган иштерди жасадык. Сирияда адилеттүүлөрдүн жана эзилгендердин тарабында болуу биз үчүн чоң сыймык. Буюрса, сириялык бир туугандарыбызды абдан жакшы күндөр жана келечек күтүп турат. Биз Сириянын жаңы башкаруусун гана колдобостон, эл аралык коомчулукту да Сирияны колдоого чакырабыз»,- деди.

Аймакта да, коңшу өлкөлөрдө да тынчтык жана ырааттуулукту каалашкандарын белгилеген Фидан: « Палестинада тынчтык жана адилеттик орнотулмайынча, Газада бүткүл дүйнөнүн көз алдында уланып жаткан геноцид токтотулмайынча биз үчүн уйку да, бейпилдик дагы болбойт»,-деди.

Түрк улутунун Палестина идеалын башынан өйдө көтөргөнүнө көңүл бурган Фидан: «Бүгүн бардыгы Кудстун эч качан басып алынбашы үчүн бата берүүсүн жана аракетин улантууда. Бул чындык ачык болуп турганда, мамлекет, улут жана кыймыл катары Палестина жана Кудус маселесинен алыс болушубуз мүмкүн эмес. Бул үчүн мындан ары да бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү мобилизациялайбыз, Кудай буюрса. Биз муну эң чебер, стратегиялык жана эң мыкты жол менен жасоону улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар