Фидан ДЕАШтын мусулман коомдору үчүн уу сыяктуу экенин айтты
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкарада өткөрүлгөн 3+3 форматындагы жолугушуудан кийин Сафеди менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан ДЕАШтын мусулман коомдору үчүн уу сыяктуу экенин айтты.
Фидан борбор калаада улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын менен бирге Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен эс-Сафеди, Иорданиянын Башкы штабынын төрагасы генерал-майор Юсуф аль-Хунейти жана Иорданиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы генерал-майор Ахмед Хусни менен Анкарада өткөрүлгөн 3+3 форматындагы жолугушуудан кийин Сафеди менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Фидан Түркиянын көп жылдардан бери террор менен күрөшүүдө тынымсыз аракет кылып, жеңишке жетишкенин баса белгилеп: «Бирок биздин өлкөдө бул жеңишке жетишүү аздык кылат. Тилекке каршы көптөгөн террордук уюмдар, өзгөчө ДЕАШ биздин чек аранын тышында да жашоосун улантууда»,-деди.
«ДАЕШ мусулман коомдору үчүн уу болуп саналат. Динибизди чексиз зордук-зомбулукка колдонуу, адамдарды мыкаачылык менен өлтүрүү, терроризмге баруу, коомдорду жана мамлекеттерди бузуп (башаламандык, тартипти бузуу), туруксуздукту жана башаламандыкты түзүү - биз унчукпай турган нерсе эмес»,-деп айткан Фидан чек аранын ичинде жана сыртында «Ислам коомдорунун орток көйгөйү» болгон ДЕАШтан кутулуу үчүн чоң сезимталдык менен күрөшүп жаткандарын белгиледи.
Фидан: «ДЕАШтын аймагыбызда кайра көтөрүлбөшү биз үчүн абдан маанилүү»,-деди.
Террор уюму ПККга каршы күрөштүн уланып жатканын белгилеген Фидан : «Шүгүр Түркияда чоң тазалоо жүргүзүлдү. Бирок Ирактагы бир туугандарыбыз Синжардагы оккупацияга көз жумуп жатышат. Эмне үчүн мындай болуп жатканын билбейбиз. Балким бир аз убакыттан кийин ал да токтойт»,-деди.
Фидан Сириядагы шарттардын өзгөргөнүн, ал жерде террордук уюм ПКК/ЙПГнын жок болушунун убакыт маселеси экенин, АКШ жана кээ бир Европа өлкөлөрүнүн террор уюму ПКК/ЙПГга сакчы ролун жүктөгөнүн белгилеп, террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшкө жамынып алганына көңүл буруп, мунун чындыкка дал келбегенин айтты.
Иорданиянын тышкы иштер министри Сафеди да : «Түркиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык нерсе аймактын коопсуздугун да коркутат»,-деди.
Сафеди аймакта туш болгон кыйынчылыктарга байланыштуу коопсуздук жана ырааттуулуктун жогорулашына салым кошкудай түрдө түрк тарап менен координация түзгөндөрүн айтты.